Нарындагы үч троллейбус

Нарындагы троллейбустар шаардын элин ташыган бирден-бир коомдук транспорт. 

Троллейбустун негизги жүргүнчүлөрү окуучулар. Анткени биринчи класстан төртүнчү класска чейинки окуучулар үчүн жол кире акысыз. Ал үчүн шаардык мэрия айына троллейбус ишканасына 20 миң сом которуп турат.

Троллейбустун ар бир каттамына 15-20дай жүргүнчү түшөт. Айдоочулардын айтымында, айрым убактарда эки тарапка тең каңгырап бош барып келген учурлар болот. Айдоочуларга бир күндө 10 каттам жүрүп, 800 сом чогултуу планы жүктөлгөн.

Троллейбус ишканасында жылпы 10 киши иштейт. Алардын эң аз айлыгы 1,3 миң сом болсо, көбү 6 миң сом. Бирок жумушчулар маяналарын үч-төрт жылдан бери толук ала албай келет.

Токтосун Жумаев 20 жылдан бери троллейбустун айдоочусу болуп иштейт. Айлыгы план аткарганына жараша 3,5-4 миң сомдун тегерегинде.  Ал айлык көтөрүлүп калаар деген үмүт менен иштеп жаткандыгын айтат.

Троллейбус депосу бир айда 70 миң сомго чейин электр энергиясын колдонот. Бул чыгымды түшкөн киреше актабайт. Ал эми жол кире акысы беш сом. Студенттерге, пенсия курагындагыларга бул коомдук транспорттон эч кандай жеңилдиктер каралган эмес.

Отургучтар оңдоодон дээрлик өткөн эмес. Ал эми троллейбусту бузулган убакта айдоочулар өздөрү оңдошот. Бул үчүн алардын айлыгына кошумча акча кошулбайт. Келишимде ушундай каралган. 

Троллейбустун отургучтары бузулуп калганда, токтоп, жүрбөй турган троллейбустун отургучтарын алып, алмаштырышат.  

Троллейбустун бир дөңгөлөгүнүн баасы 15 миң сом. 

Бул троллейбустун бузулуп токтогонуна беш жылдан ашкан.

Троллейбус депосунун кароолчусу Курманбек Аалиев. Ал бул жерде беш жылдан бери иштейт. Өз үйү жок болгондуктан ал күнү-түну ушул жерде. 

Кароолчунун үйү

Жумабек Осмоналиев 2006-жылдан бери Нарын троллейбус депосунда жетекчи. Анын негизи айлыгы 6000 сом. Бирок бул коомдук транспорт өзүн-өзү актабагандыктан, үч жылдан бери айлыгын толук ала электигин айтты

Нарын шаарындагы троллейбус линиясы 8,5 чакырым аралыкка тартылган. Ал шаардын  64-аймагынан Ак-Коргон аймагынан чейин жүрөт.