Теракттан кийинки Париж...
13-ноябрдан кийин Парижде коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Көчөлөрдө полиция кызматкерлеринин көптүгү байкалат.
13-ноябрдагы террордук кол салуунун курмандыктарына Кыргызстандыктардын жана кыргыз президентинин атынан коюлган гүлчамбар...
Теракттын курмандыктарын эскерүүгө коюлган буюмдар... Ал жерден курман болгон адамдарга тиешелүү сүрөттөрдү, кийимдерди көрүүгө болот.
Террордук кол салуунун курмандыктарын эскерүүчү жерде...
Республика аянтындагы Эркиндик эстелиги 13-ноябрдагы террордук кол салуулардын курмандыктарын эскерүү жайына айланган.
Париждеги метрого кире бериште. Париж алты аймакка бөлүнөт. Ар бир аймактагы метродо жүрүү акысы бири-биринен айырмаланат. 1 евро 80 центтен тартып, 10 еврого чейин чыгат.
БУУнун климаттын өзгөрүүсүнө арналган жыйындын урматына 29-30-ноябрь күндөрү метродо жүрүү акысыз болду.
Борбордук аянттардын биринде...
Елисей талаасындагы Жаңы жылдык жарманке көчөсү. Көчөнү кооздоо дагы деле уланып жатат.
Париждин көчөлөрүндөгү дүкөндөрдүн айнектери жаңы жылдык маанайга ылайыкталып, жасалгаланган.
Айтылуу Елисей талаасындагы Жаңы жылдык жарманкеде.
Париждин борбордук көчөлөрүндөгү көптөгөн мейманканалар да терезелерин Жаңы жылдык маанайга ылайыктап, жасалгалашкан.
Шаардагы аянттарда скейтти чеберчилик менен кайкытып тээп жаткан жаштарды көп учуратууга болот.
Борбордук аянттагы үй-жайсыз киши. Алар үчүн атайын уктоочу тактайчалар бар.
Айтылуу Нотр-Дам-де-Пари соборунун алды. Көгүчкөндөр менен ак чардактар кишилерден чоочуркабайт.
Париждин жолдорунда унаа тыгыны дээрлик жок. Ошентсе да шаардыктар көлөмдүү автоунаалардан чакан мотоциклдерге өтө башташыптыр.
Шаарда автоунаалар менен кошо эле велосипеддер да көп колдонулат. Электр кыймылдаткычы менен жүргөн велосипеддер үчүн кыймылдаткычын электр кубаты менен азыктандыруучу атайын токтоочу жайлар бар.
Париждиктер жол ээн болсо да, жашыл жарык күймөйүнчө, жолду кесип өтүшпөйт.
Шаардын чок ортосундагы "Опера Гарнье" имараты. 1862-жылы негизделген.
Парижге гана таандык архитектура.