Брюсселде полиция 16 адамды кармады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бельгия бийликтери Париждеги теракттарды иликтөөгө байланыштуу дүйшөмбүгө караган түндөгү полиция рейддеринде 16 киши кармалганын кабарлады. Өлкөнүн федералдык прокурорунун өкүлү Эрик Ван Дер Сипттин бүгүн айтканына караганда, кармалгандардын арасында теракттарга башкы шектүү катары аталып жаткан француз жараны Салах Абдесалам жок. Күч органдарынын рейддери дале уланууда. Париждеги жардырууларды уюштурган эки согушкер Брюсселге качканы тууралуу маалыматтардан улам акыркы күндөрү бул шаарда коопсуздук чаралары кескин күчөтүлгөн.