Крымга электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Крымга электр линиясын алып өтүү үзгүлтүккө учуратылды. 21-ноябрда Херсон облусунун Чаплинка айылында электр берүү линиясынын жанына топтолгон каршылык акциясынын катышуучулары техникалык ремонт бригадасына электр мамыларын калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Херсондогу каршылык акциясына чыккан жарандык активисттер тобу бийликтен Крымга электр энергиясын берүүнү биротоло токтотууну талап кылышууда. Дем алыш күндөрү Украинанын Херсон районунун Чаплинка поселкосунда жарылуу болгон. Крымга блокада орнотуу боюнча жарандык акциянын штабынан билдиргенге караганда, "Крымга электр энергиясын берген линия кулап калган жана ал оңдоого жараксыз." Крым жарым аралына электр энергиясы негизинен Украинадан келет.