Чайчылыктар: түнкүсүн үшүйбүз
Чатырда түнөгөндөр меш жакса да түнкүсүн үшүп жатканын айтышууда. Ошол себептүү айрымдары коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө барышууда.
17-18-ноябрь күнкү жер титирөөнүн очогу Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл округунун Чайчы айылы болгону такталды. Бул айылдын өзүнөн эле кеминде 150дөй үй жабыркаган. Алардын 10 чактысынын дубалдары урап калган.
Чайчы айылындагы кээ бир үйлөрдөн жарака кетсе, айрым үйлөрдүн дубалдары көчүп түшкөн. Көпчүлүк үй ичиндеги буюмдарын сыртка чыгарып коюшкан.
Кыргызстандагы жер силкинүүнүн очогу Чайчы айылы деп эсептелип жатса, кыштактын ичинде Керим Турапов көчөсүнүн өзүндө 100 метр аралыкта ондогон үй катар-катар жабыркаганын көрүүгө болот.
Кызыл-Суу айыл округуна 18-ноябрь күнү 50 чатыр жана атайын мештер берилген. Жашоочулар чатырлар жетишсиз болгонун айткандан кийин дагы берилерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Зилзала орун алган күнү үйдө уктап жаткан бир нече адам жаракат алышкан. Жабыр тарткандар арасында балдар да бар. Алардын башына таш тийип, кээ бирлери караңгыда сыртка качып баратып чалынып жыгылышкан.
Өкмөт башчы Темир Сариев 19-ноябрда Кара-Суу жана Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткандардан кабар алды. Ал жапа чеккендерге жардам берилерин убада кылып, эми үйлөрдү топурак менен эмес, бышык кыш менен арматура аралаштырып куруу керектигин айтты.
Ош облусунда катталган жер титирөөдөн адам өмүрүнө зыян келген жок. Бирок андан кийин кан басымы көтөрүлүп, жардам сурап кайрылгандар көп болгон. Кызыл-Суу айыл аймагынан эле 200дөн ашык адам дарыгерлердин көзөмөлүнөн өттү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын штабы жабыр тарткан Кызыл-Суу айыл округунда үзгүлтүксүз иш алып барууда.
Учурда чатырда жашап жаткандар шартка карап, контейнер үйлөр менен алмаштырылышы мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги убактылуу жашаганга бериле турган мобилдик турак жай маселеси бир айдын ичинде чечилерин кабарлады.
Жер титирөөдөн жабыркаган үйлөрдүн жана социалдык объекттердин саны такталганы менен, жалпы чыгаша эсептелип бүтө элек.
17-ноябрда кечинде катталган жер силкинүүнүн күчү жети баллга жеткен. Жер титирөө Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда да сезилген. Силкинүү 18-ноябрда да кайталанган.
Жер силкинүүдөн жабыр тарткан айрым тургундар үйү бешинчи категорияга кирбей калганына нааразы. Жалгыз бой эне, Чайчы айылынын тургуну Сюита Эскенкулова үйүн "таптакыр жараксыз абалга кептелген" деген тизмеге киргизип, жаңы үй куруп берүүнү талап кылууда.
4-даражадагы жараксыз болгон үйлөргө 50 миң сом, же 200 миң сомдон ссуда берилет. 50 миң сом ссуда кайтарымсыз болот. 200 миң сом берилсе, аны алган киши 20 жыл ичинде мамлекетке кайтарыш керек. Канча сумма алаарын үйдүн ээси өзү чечет.
Чайчылыктар 17-ноябрда жер силкингенден кийин айылда дагы бир нече жолу жер титирегенин, ошондон улам жарака кеткен үйлөргө кирүүдөн кооптонуп жатышканын айтышты.