Жер титирөөдө жабыркагандарга жардам берилет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги убактылуу жашап туруу үчүн тургундарга жылытылган чатырларды берди. 

Жакын арада контейнер - үйлөр алынып келинери айтылды.

17-ноябрда кечинде жер силкинип, Кара-Суу районунда анын күчү 7 баллга жеткен. 

Алай, Чоң-Алайда 5 баллдан ашып, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Өзгөн районунда 4,5 балл болгон. 

Киши өмүрүнө зыян келген эмес. Силкинүү 18-ноябрда да кайталанган. Андан 152 үйгө жарака кетип, он турак-жай такыр эле жараксыз абалга келген. Учурда калк арасында психологдор түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө