Жер титирөөдө айрым үйлөрдө жарака кетти

Зилзаланын очогу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ийрек айылынан он чакырым батышта орун алып, ал жердеги зилзаланын күчү 5-6 баллга жеткен.

Ош шаарында 4,5 баллга жеткени сезилген.

17-ноябрда түндө жер титирөө экинчи жолу кайталанды.

Анын очогу да Кара-Суу районунда орун алып, күчү 4-4,5 баллга жеткен.
Жер-жерлерде жарандык коргонуу комиссиялары иштеп жатат.
Бишкекте жер титирөөнүн күчү 3-3,5 баллга жеткени маалымдалды.