"Биз терроризмге каршыбыз!"
"Биз терроризмге каршыбыз" аттуу жөө жүрүштүн катышуучулары.
Иш-чара Ош облустук ИИБнин 1-бөлүмү тарабынан демилгеленип, жергиликтүү бийликтин колдоосу менен уюштурулду.
Терроризм жана экстремизмге каршы жөө жүрүш учурунда дүйнөнүн ар тарабында болуп жаткан террордук актылар да айыпталды.
Ош облусунун Кара-Суу району ашкере диндешкен аймак деп эсептелет. Дал ушул райондо жоолук оронгон мектеп окуучулары да көп.
Террористтин элеси окуучулардын көзү менен.
Кара-Суу району өлкө боюнча диний радикал уюмдарга эң көп азгырылган аймак деп эсептелет. маалыматтарга карганда учурда Сирияда жүрөт делген 500дөй адамдын жүздөн ашыгы ушул райондун тургундары экени аныкталган.
Акцияга Кара-Суу шаарындагы 8 мектептен 5 миңге чукул окуучу катышты.
Райондук билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен окуучу балдардын дээрлик баарына калпак кийгизилген.
Учурда Кара-Суу районунун 240 тургуну диний экстремисттик уюмдардын мүчөсү катары каттоодо турушат.
Ушундай эле иш-чаралар эми Өзгөн жана Араван райондорунда да уюштурулмакчы.
Жөө жүрүш башталганга чейин жергиликтүү бийлик жана дин өкүлдөрү окуучуларды таза исламдан оолак болбоого чакырышты.
Терроризмге каршы жөө жүрүшкө чыккан окуучулар экстремисттик маанай эң көп таралган көчөлөрдү кыдырышты.
Бейрасмий маалыматтарга караганда, Кара-Суу районунан 120дай адам Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга кетишкен.