Футболчуларды сүрөгөн күйөрмандар

12-ноябрда Канберра шаарында Кыргызстан менен Австралия командаларынын кезектеги беттеши өттү. Австралия менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 3:0 эсебинде австралиялыктардын пайдасы менен аяктады.

Кыргыз оюнчусу, чабуулчу Бактияр Дүйшөбеков өз күйөрмандарына кол тамга жазып берүүдө. 

Кыргыз футбол командасынын коргоочусу Азамат Байматов.

Футбол ышкыбоздору улуттук кураманын оюнчуларын баштан аяк колдоп, сүрөп турушту. 

Кыргызстандын командасын боордош казак туугандар да келип, сүрөп турду.

Австралия менен Кыргызстандын желектерин кармап турган футбол сүйүүчүлөрү. 

Кыргызстандык күйөрмандар.

Футбол жылдыздары менен сүрөткө түшүү.

Кыргызстандын дарбазасына 50-мүнөттө экинчи голду киргизген австралиялыктардын коргоочусу Тим Кехил менен оюнду көрүүгө келгендер менен сүрөткө түшүүдө.

Футболчулар менен селфи. 

Кыргызстан менен Австралия командаларынын Канберра шаарындагы беттешине кыргызстандыктар да күбө болуп, улутук кураманы сүрөп турушту. Австралияда жашаган мекендешибиз Наргиза Хакимова оюн учурундагы күйөрмандардын ураан-сүрөөндөрү тартылган сүрөттөрдү "Азаттыкка" жиберди.