Айтылуу “Ак-Турпак” күрүчү кырманга түштү

Зарташ айылынын тургуну Замир быйыл үй-бүлөсү менен жарым гектардай күрүч айдаган. Июнь айынын башында эккен шалысын оруп, 10-15 күн топтоп коюп, анан комбайнга салат. Азырынча күрүчтү оруп-жыйноо - кол менен жасалчу жумуш.

Баткен облусу боюнча 2,5 миң гектардай күрүч айдалып, 7 миң тоннадан ашык түшүм жыйналат. 

Жергиликтүүлөр “Дөөзире” деп атап алышкан күрүчтүн бул сортунун түшүмү азыраак болот. Бирок баасы кымбат. Учурда атайын кардарлар үчүн бир килограммы 200 сомдун айланасында болууда. Бул күрүч даамдуу болгондуктан кардарлар алдын ала атайын заказ кызып, дыйкандардын үйүнөн сатып алып кетишет.

Адылбек Жусупов үйүндө күрүч сактап сатат. Анын кардарлары атайын үйүнө чейин келет. Быйыл жарым гектардай жерге күрүч айдаган. 

Жерге үрөн себилгенден бышканга чейин сууда турган күрүчтү 90 күндө оруп-жыйнап алышат. Учурда күрүч жыйноо сезону. Күзгү жаан-жачын башталганча кырман көтөрүп, түшүмдү үйгө киргизип алуу зарыл. 

Самидин ава үй-бүлөсү менен оруп алган шалысын ушундай жол менен асфальт жолдо кургатат, шамалга сапырат. 

Баткендин шалы айдаган аймактарында күрүч жыйноо учурунда жолдун жээги ушундай болуп кырманга айланып калган.

Топонунан тазаланган шалыны кургатууга эң ыңгайлуу жай бул - асфальт жол. Таза кургабаган эгин кышында ным тартып сапатын жоготот.

Ак-Турпак күрүчү негизинен Бишкек, Ош шаарларына сатылса, кайсы бир бөлүгү Тажикстан, Өзбекстанга экспорттолот.

Күрүч жыйноо сезонунда үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү үчүн жумуш бар. Жаш баладан тартып аялдар жана кары-картаңдар да эгинди оруп жыйып-алууда четте калбайт.

Күрүч шалысынан (сыртка кабыгы) ажыратылбай 4-5 жылга чейин сакталса баасы кымбат болот.

Кол менен орулган күрүчтү атайын комбайнчылар саманынан ажыратып беришет. Саманы да мал үчүн табылгыс тоют.

Кургатылган шалыдан күрүчтү ажыратуу үчүн эл ак жуваздын (тегирмен) кызматынан пайдаланышат. Анын акысы үчүн дыйкандар тазаланган 150 килограмм күрүчкө 4 килограмм күрүч беришет.