Кыргызстандын “Темир кишиси”
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстандык Канат Келсинбеков эл аралык Ironman наамына татыды. Келсинбеков 3,8 чакырым сууда сүзүп, 180 чакырымдан ашуун велосипед менен жарышып, акырында 42 чакырымдан ашуун марафон чуркап, Франциянын Виши шаарында Ironman наамын алды. Мындай аралыкты Канат 17 саатта басып өттү. Ironman же “Темир киши” триатлетке бир жолу берилип, өмүр бою сактала турган наам.