Карылар үйүндөгү жалгыздык

88 жаштагы Екатерина Волкова интернаттагы эң кары адам. Өмүрүн жарымы ушул интернатта өткөнүн айткан апа мындан 25 жыл илгери келген экен. Жакындарына түрткүнчүк боло бергенинен кийимдерин алып баса берген. 

Бишкектеги карылар жана майыптар үйү. Бул жерди башпаанек кылгандардын саны 200дөн ашат. 

Улгайып калган ата-апалар тез-тезден ооругандыктан дары-дармек жетишсиздиги өзүнчө көйгөй.

Ар бир бөлмөдө экиден адам жашайт. Ар биринин идиш-аягы, азык-түлүгү өзүнчө. Ным тарткан бөлмөлөрдө нан көгөрүп кетпесин деп күн алыс терезеге нанды кургатып да коюшат. 
 

Карылар үйүндөгү чакан китепкана. Бирок бул жакка келип, китеп бетин ачкандар сейрек.

Рашид Алназаров 20 жылдан бери китепканада иштейт. Ыр жазып, чыгармачылык менен алектенген карыя көпчүлүк убактысын ушул жерден өткөрөт.

Карыпкул Ниязов жарым күнүн залдагы сыналгынын алдында өткөрөт. Айрыкча жаңылыктарды калтырбай көрөрүн айтат. 10 жылдан бери жашап жаткан ата балдарына таарынып, үйүнөн чыгып кеткен экен. Ушунча жылдан бери анын интернатта жашаганын билишсе да бир да жолу басып келип, абалын сурабаган туугандарына нааразы.

Виталий Кармушов Чүйдөгү айылдардын биринде жашачу. Жубайы каза болгон соң уулу үйүн сатып, атасын көчөдө калтырып, өзү Орусияга кетип калган. Эки жылдан бери баш калкалап жаткан Виталий уулуна болгон таарынычы тарай электигин айтат. 

Карылар үйүндө буту баспай же таптакыр төшөктөн тура албай жаткан карылар да бар. Кызматкерлер аларга үч маал тамак берип, дааратканага алып барып турушат. Арасында психикалык жактан ооругандар өздөрүнчө күбүрөнүп коюп жата беришет.

Мария Горшкованын буту ооругандыктан өз бөлмөсүндө тамактанат. Мындан үч жыл мурун ал жашаган үйү өрттөнүп кетип көчөдө калган. Жакындарына батпаган аял акыры карылар үйүн өзү таап келген.

Карылар үйүндө 60 жаштан улгайган адамдар басымдуукулук кылат. Көбүнчө 15-20 жылдап жашагандар арбын. Тууган-уруктары келип үйүнө алып кеткен учурлар өтө аз. Болгону жылына 2-3 адам убактылуу жашап кетиши мүмкүн.

Кыргызстанда акыркы учурда улгайган адамдар өз үйлөрүнөн качып, карылар үйүнө барып жашайын деген учурлар көп болууда.

Эртеден кечке үңүрөйгөн бойдон башын жерге салып, ордунан жылбай ойго батып отургандар күнүнө ушундай окшош күн өткөрүшөт.

Любовь Алексеева керебетинин жанында күнү бою үнсүз, ойго батып отурганына башкалар көнгөн. 12 жыл мурун карылар үйүнө келген апа өмүр бою Бишкекте жашачу. Уул-кыздарынан жакшылык көрбөй кыйалганынан үйүн сатып, карылар үйүндө баш калкалап келе жатат.

Оорунун айынан буту баспай калган Олег Зудин мында алты жылдан бери жашайт. Ысык-Көлдөн келген карыя балдарына үй-мүлкүн таштаган. Кайрымы жок балдардан көрө, тынчыраак интернатта жашаган оң дейт ал.

80 жаштагы Асылкан Керимованын келгенине 3-ай болду. Психикалык жактан оорлуу апа Токмоктон келген. Интернаттын кызматкерлери анын күндө балдары келип алып кетээрин айтып, кийимдерин чогултуп калаарын айтышат.
 

Александр Скачков жубайынан ажыраган соң өз канынан жаралган балдарына батпай, беш жыл мурда интернаттын босогосун аттаган. Бул жердегилер анын ачылып көп сүйлөбөгөнүн билишет. Күн жылуу боло калган кезде короого чыкканы болбосо, эртеден кечке бөлмөсүндө отурат.

75 жаштагы Елена Михайлованын кайтыш болгон уулунан калган жалгыз белеги ушул эски саат. Дайыма керебетинин жанында турат. 
 

80 жаштагы Валентина Котованын  багар-көрөрү жок.  Айрыкча быйыл ден соолугу ойдогудай болбой, көп ооруп жүргөнүн айтат. 15-жылдан бери карылар үйүнүн дубалында күн көргөн апанын кан басымы улам өзгөрүп турганына байланыштуу бат-баттан текшерип туруу керек.  

Карылар үйүндө убакыттын өтүшү кыйын. Бул жактагылар кээде экиден-үчтөн басып, өткөн-кеткенди эстеп баарлашабыз дешет, Бирок ар ким эле өзүнүн тагдырын ачылып айта беришпейт.

Мария Орлова 10 жылдан бери интернатта жашайт. Эртеден-кечке бош отурган көрө деп кээде карыялардын кийимин үтүктөп бир аз да болсо тыйын таап алат.  

Асылбек Карыпов үч ай мурун карылар үйүнө келген. Жалгыз иниси каза болгондон кийин келини менен бир үйдө жашоо кыйын болгонун айтты. Турмуштун айынан балдарына таарынган ата 15 жылдан бери алар менен да катташпайт.