Жоокердин ата-энеси так маалымат талап кылды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Чоң-Алайдагы Карамык чек ара тозотунда кызмат өтөп жүргөн жоокер чек араны кыдырууга эмес, аңчылыкка чыгып жоголгондугу аныкталды. Бул тууралуу акыркы маалыматты Ош гарнизондук Аскер прокуратурасы жарыялады. Чоң-Алайдагы Карамык чек ара тозотунда кызмат өтөп жүргөн жоокер 24 күндөн бери табыла элек. Учурда дайыны чыкпай жаткан Бексултан Бааридиновдун ата-энеси аскер жетекчилигинен баласы тууралуу так маалымат берүүнү талап кылышууда.