Ачууланган тургундар Бишкек-Ош жолун буушту
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын тургундары бүгүн Бишкек-Ош унаа жолун тосушту. Жол чырак орнотууну талап кылган нааразылык акциясына кыркка жакын адам катышты. Акцияга 8-сентябрда Кулбаев атындагы орто мектептин 1-классынын окуучусун машина коюп кеткени себеп болду.