Жалал-Абаддан кайырчылар чыгарылды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жүргүзүлгөн “Кайырчы” жана “Кайрадан мектепке” аттуу рейд алкагында көчөлөрдө кайыр сурап жүргөн, документи жок 20дай лөлү кармалды. Алар сурак бергенден кийин Ошко – өзүнүн жашаган жерине жөнөтүлдү. Ош шаарынын четинде лөлүлөр жашаган Жаңы-Маале деген кыштак бар. Ал жерде 4 миңге чамалуу киши жашайт. Басымдуу бөлүгүндө эч кандай документ жок. Аялдар жана балдар тилемчилик кылып, эркектери жалданма жумуштар менен күн кечиришет.