Кочкор: окуучулар быйыл да чатырга барат
Кочкор районундагы Ак-Жар орто мектебинде 420 окуучу окуйт. Ал эми жаңы салынып жаткан мектеп 270 орундуу.
Окуучулар чатырда окугандыктан айрым ата-энелер балдарын толук кандуу шарты бар мектепке окутабыз деп алып кеткендер бар.
Быйыл өкмөттөн кайра жаңы мектеп курууга 72 млн. сом бөлүнүп, эки ай мурда курулуш иштери башталган.
Мектеп 1-ноябрда ишке берилери айтылууда.
Мектептин директору Акыл Турдубаеванын айтымында жаңы мектепке 2 смен менен окуу пландалып жатат.
Эски мектеп 2007-жылы бүтүп, ишке берилгени менен жыл айланбай керектен чыгып калган. Анын кайра оңдоодон өткөрүү үчүн 25 млн. сом керектелет.
Мектептин директору эски мектепти оңдоо үчүн демөөрчү издеп жатканын айтат.
Эски мектепти “Хан Тенири” курулуш компаниясы өкмөттөн бөлүнгөн 47 млн. сомго курган. Сапатсыз курулган бул мектепке катыштыгы барлар бүгүнкү күнгө чейин жоопко тартылбай келет.