Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Кочкор: жети жыл күттүргөн мектеп бүттү


Нарын. Кочкор району
Нарын. Кочкор району

Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы орто мектептин окучуларынын кубанычында чек жок. Жети жылдан бери чатырда, ээн калган үйлөрдө окуган балдар жаңы курулуп бүткөн мектепке кирерине саналуу күндөр калды.

Жаңы имаратынын курулушуна өкмөттөн 72 млн. сом бөлүнүп, мектеп курулушун “Имарат-Строй” компаниясы ишке ашырган. Бул өкмөттүн экинчи ирет бөлгөн каражаты. 2007-жылкы катуу жер титирөөдө жабыркаган мектепти кайра курууга 47 млн. сом бөлүнүп, бирок ал курулуш сапатсыз болуп, жыл айланбай керектен чыккан.

Мына ушундай себептерге байланыштуу айылдын балдары жети жылдан бери чатыр менен ээн үйлөрдө эптеп-септеп окуп, кээ бири башка айылдарга, шаарга которулуп кетишкен.

Учурда айылдагы окуучулар жаңы мектептүү болгонуна жетине албай турушат. 3-класстын окуучусу Искендер уулу Нурболот кубанычы менен бөлүштү:

- Чатырда окуганда көп ооруп, мектепке барбай калчубуз. Тыгылышып отурганда дептерге чийилип кетчү. Бир жолу катуу шамал болуп чатырыбызды учуруп да кеткен. Китеп-дептерибиз да учкан эле. Эми сабактан калбай, жалаң бешке окуйм.

“Имарат-Строй” компаниясынын өкүлү Бейшенбек Иманалиев бул ирет мектеп имараты сапаттуу курулду деп ишендирүүдө. Мурда "Хан Теңири” компаниясы сапатсыз имарат салып, аны менен мектеп жетекчилигинин үч-төрт жылдап соттошуусу майнап берген эмес.

Жаңы мектеп салынып бүтөрү менен, арызын жазып кызматынан кетүүгө аргасыз болгон мурдагы директор Акыл Тургуналиева "Азаттыкка" буларды айтты:

- Соттон сотко сүйрөлүп жүрүп, жаңы мектептин курулушуна мээнетим өткөн эле. Бюджеттен акча бөлүнбөй, “Имарат-Строй” компаниясынын жетекчиси өзүнүн каражатынан 11 млн. сом кошкон. Анан спорт зал менен 30 млн. сом керек экен деп президент Атамбаев Кочкорго келгенде кайрылгам. Ал бул каражатты да тез чечип берүүсүн тиешелүү жерлерге тапшырган. Бирок бул сөзүм айрым жетекчилерге жакпай калган окшойт. Ошондон бери эле текшеребиз деп эле кууратып бүтүштү. Канча жылдан бери чатырда окусак, анан кайдагы текшерүү десем да болушпайт. Кысым ачык эле боло баштаганда өз арызымды жазып берүүгө туура келди. Азыркы жаңы шайланган директор шайлоодо СДПК партиясына иштеген, ошон үчүн ага директорлук кызмат убада кылынган деп угуп жатам.

Мурдагы директордун таламын талашкандардын бири, айыл тургуну Жыпар Абасова да өз ою менен бөлүштү:

- Бул мектептин салынышына Акылдын эмгеги зор эле. Коллективинде да сыйга ээ деп угуп калчубуз. Бирок эмнеге ушундай болуп кеткенин өзүбүз да түшүнбөй калдык. Мектептин ачылышына сүйүнүп жатсак эле директор алмашыптыр деп угуп калдык.

Ал эми жети жылдан кийин мектепке жетип, кубанычы коюнуна батпай турган окуучулар үчүн мектеп жетекчилигинин айланасындагы тирешүү анчалык деле маанилүү эместей.

XS
SM
MD
LG