Боомдо таш түшкөн жерде эки чакырым унаа тыгыны пайда болду

Боомдо шагыл түшкөн жер

Ушу тапта Боом кыпчыгайында жолду тороп түшкөн шагыл таштын эки башында ар бир тарабы 1 чакырымдай унаа тыгыны пайда болуп калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Унаа жана байланыш министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов кабарлады. Анын айтымында, Бишкек-Каракол жолунун 131-чакырымына тоо жактан таш кечээ бир-экиден түшө баштаган. Бүгүн түштөн кийин көп көлөмдө түшкөндүктөн жол буулуп калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жүргүнчүлөр жабыркаган жок.

Премьер-министр Темир Сариев Боомдогу окуяга байланыштуу чукул жыйын куруп, жолду тез арада тазалоону буйурду. (RK)