Өнөр темир торго камалбайт

Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын фойесине мекеменин тарыхын баяндаган музейдин экспонаттары коюлуп, ошол эле жерде көргөзмө уюштурулат. Ага жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар өндүргөн нан, сүт, эт, жашылча, тигилген продукция коюлду.

Жаза аткаруу системасында учурда 4 миңдей киши иштейт, алардын 1,5 миңи аскерге чакырылган солдаттар. 1 түрмө, 11 жабык, 14 жатак, 4 тергөө абагында жазасын өтөп жаткандардын жалпы саны 15 миң адам.