Жалал-Абад: түшүм сатылбай, дыйкан убара

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ноокен районунун Достук айылынын дыйкандары талаадагы жашылчалары базарга өтпөй төгүлүп жатканына убайым. Аймакта азыр 100 тоннадан ашык помидор, бадыраң жана коон зыянга учуроодо. Быйыл облус аймагында 5 миң гектардан ашык аянтка жашылча эгилген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1200 гектарга көп.