Нарын: «Чексиз мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү»

Майып адамдардын катышуусундагы бул иш-чараны «Мүмкүнчүлүк» жана «Нарындын өзгөчө муктаждыгы бар балдарынын ата-энелери» коомдук уюмдары уюштурду. 

Фестивалга алыскы облустардан жалпысынан 28 катышуучу жана аларды коштогон адамдар менен 70тей адам келген. 

Фестивалда өткөн сынактардын байгелерин жергиликтүү демөөрчүлөр колго алышкан.

Бул фестивал 3 жыл мурда Жалал-Абадда башталып, кийин Ысык-Көлдө жана Ош шаарында өткөн. 

Бул жолкусун Нарында, кийинки эстафетаны Талас же Чүй облусуна өткөрүү планы бар экенин уюштуруучулар белгилешти.

Алар өлкө аймагын гана кыдыруу менен чектелбестен, келечекте Казакстанда да өткөрүү ою бар экенин да билдиришет.