Бостериде каратэ-до боюнча эл аралык мелдеш өттү
Каратэ-до боюнча федерациясынын вице-президенти Талант Нусубалиев билдиргендей, биринчилик үчүн 6 жаштан 18 жашка чейин үч категориядагы кадеттер, балдар жана өспүрүмдөр күч сынашты.
Эл аралык мелдешти Кыргызстандын каратэ-до боюнча Улуттук федерациясынын облустук бөлүмү Чолпон-Ата шаардык федерациясы менен бирге үч жылдан бери уюштуруп келет.
Каратэ-до боюнча эл аралык мелдештин жыйынтыктары: Жалпы командалык топто Жамбыл облусунун Тараз шаарынан келген команда 1-орунду алды, 2-орунга Каракол шаары, 3-орунга Бишкек шаарынан барган команда татыды.
Эл аралык мелдештин кыздар арасында эң мыкты спортчусу деп Каракол шаарынын каратэ-до командасынан Кымбат Тойтоева, балдар арасынан Чымкент шаарынан Шымырбеков Даулет жана эн мыкты калыс Тараз шаарынын курама командасынын машыктыруучусу Болотжан Нарметов табылды.
Мелдешке келерки жылы Өзбекстан, Кытай жана Түркия да чакырылат.