Нарын: бугулар байырлаган жер
«Бугу-марал» коругу 1988-жылы уюшулган. Мындан сырткары корукта 400дөн ашык тоо теке бар.
Өлкө боюнча бугу, маралдар байырлаган корук бир гана Нарын облусунда сакталып калган.
"Бугу-марал" жаратылыш коругундагы бугу-маралдарды көргөнү атайын жергиликтүү коноктор жана чет элдик туристтер келет.
Ар бир бугунун адамдардын атынан коюлган ысымы бар. Мисалы, бул бугунун аты - Айдар.
Ал эми бул маралдын аты - Элиза.
Учурда бугулар төлдөп жатканына байланыштуу көбүнчө тоонун башында жүрүшөт. Аларды келген конокторго көрсөтүү үчүн корукчулар атайын ылдый айдап келип турушат.
Конокторду тейлеген кызматчылар боз үйлөрдү саатына 140 сомдон ижарага алышат.
Бугуну көрүү үчүн келген ар бир кишиден 50 сомдон алынат.
Бул гид коштоочунун аты - Максат. Ал аталган корукта иштегени 3 ай болгон, айлыгы 8000 сом.
"Бугу-маралды" көрүү үчүн өлкөнүн ар тарабынан күнүнө 50-60тай киши келет.