Пан Ги Мунга кайрылуу
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мурдагы прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевдин үстүнөн арыздангандардын бири БУУнун жетекчиси Пан Ги Мунга даттанууга аракет кылды. Кадыралиевге Оштогу ашканасын тарттырып жиберген Мирлан Жолдошевдин үй-бүлөсү анын муңун кыргыз бийликтери укпагандыктан ушундай жолго барганын айтышууда. Бирок Бишкекке келген Пан Ги Мун менен алар жолугуша алган жок.