Жалал-Абад: кооганын мектепке тийгизген таасири

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад облусундагы өзбек тилдүү 30 мектептин 14ү, аралаш тилдүү 74 мектептин 22си Сузак районунда жайгашкан. Бул мектептерде кыргыз тилинде окуткан класстардын катары жыл өткөн сайын өсүп баратат. Муну жергиликтүүлөр ата-энелердин жана балдардын каалоосу менен байланыштырышат. Укук коргоочулар болсо буга жалпы республикалык тестирлөөдөн өзбек тилинин алынып салынышы себеп болгонун, өзбек тилинде билим алгандардын укуктарына шек келип жатканын айтып келатышат.