Июнь коогасынын там-ташта калган тагы

Ош. Навои көчөсүндөгү үйлөр

Ош. Тополоңдон кийин иштебей калган самсакана

Ош. Өзбек тектүүлөр арасында жашаган кыргыздын үйү да коогалаңда күйгөн. Аны оңдоого кожоюну быйыл киришиптир, сатууга кылган аракетинен майнап чыккан эмес.

Ош. Коогалаңга чейин унаа тетиктери дүкөнү, унаа оңдоп-жууган жай болчу. Тополоңдо өрттөлгөн бойдон калыбына келтириле элек. Ээлери сатыкка коюшканына кыйла болду.

Ош.  Шухрат коогалаңда өрттөнгөн ооруканасын өзү оңдой баштады.

 Жалал-Абад. Манас пропектисиндеги эки кабаттуу турак жай. Ээлери сыртка чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.    

Жалал-Абад. Жусуп Абдрахманов көчөсүндөгү эл аралык уюм иш алып барган имарат. Бул объект К. Батыровго тиешелүү деп айтылып жүрөт.

Жалал-Абад. Рахат чайканасы. Ээлери башка жакка чыгып кетип имарат өрттөлгөн абалда турат.

Жалал-Абад. Шаардын Пушкин 140 көчөсүндөгү эки кабаттуу соода жайы. Экинчи кабаты азыркыга чейин күйгөн абалда турат.