Кикбокс боюнча эл аралык турнир
Улут аралык ынтымакты бекемдөөгө арналган спорттук иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан кикбоксчулар келди.
Турнирдин алкагындагы тогуз беттештин сегизинде кыргызстандыктар үстөмдүк кылышты.
Кыргызстандын кикбоксинг федерациясынын вице-президенти, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов этностор аралык ымаланы чыңдоого ушундай иш-чаралар зарыл болуп турганын белгиледи.