Баткен: гезит саткан жалгыз күркө

Гезитти көбүнчө орто курактан өтүп калгандар сатып алышат.  Жаштар дээрлик гезит сатып албайт. 

Гүлмира эже 21 жылдан бери гезит сатат. Күркөгө киргенине үч жылдын гана жүзү болду. Ага чейин ачык асман алдында, ысык-суукка карабай иштеп келген. 

Кээ бир кымбатыраак гезиттерди сатып алуучу кардарларын тааныйт. Ошол кардарлары үчүн атайын буйрутма менен келет. 

Гүлмира эженин айтымында, акыркы учурда гезит окугандардын саны кескин кыскарган. 

Арада гезитти пенсия келгенде берем деп насыя алып кеткендер да болот. 

Учурда эже күнүнө араң дегенде 20 даана гана гезит сатат экен.