SOS айылындагы балдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

SOS - балдар айылы Бишкек шаарында курулуп, 1999-жылы ишке кирген. Ал жерде азыр Кыргызстандын бардык аймагынан 4 жаштан 20 жашка чейинки 142 бала тарбияланып жатат. Балдар айылынын өзүндө 84 бала 14 үй-бүлөдө жашайт. Аталган айыл балдарга үй-бүлөдө жашап, тарбияланууга мүмкүнчүлүк түзүп берип, балдарды тарбиялоо кызматын SOS-апалар аткарат.