Таштанды талаасында өрт чыкты

Кырсыктан адам өмүрүнө коркунуч келген жок

Алдын ала чыккан маалыматтарга ылайык, өрттү кимдир бирөөлөр атайын чыгарган болушу мүмкүн. 

Мында акыр-чикир чогултуп иштегендер бул таштанды жайда өрт күн алыс болуп тураарын айтышат. 

Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасында учурд 6 млн. тоннадан ашык акыр-чикир бар.

Учурда бул жерди коюу түтүн каптап, таштанды үйүлгөн дөңсөөлөр капкара болуп күйүп калды. Бирок ага карабай анда иштегендердин бири таштандыларды таптап жатса, башкалары ал жердеги акыр-чикирлерди иргеп жүрөт.