Пристань-Пржевальск: бар туруп бүлүнгөн айыл
Менчикке чыгарылгандардын арасында бала бакча, мектеп, маданият үйү, бейтапкана, мурдагы “Улан” заводунун карамагында болгон барак тибиндеги 8 үй жана айылдын турак жай коммуналдык чарбасына тиешелүү имараттар бар.
Айыл тургундары Ахмедов аларды бузуп, курулуш материалдарын жана барак үйлөрдөгү батирлерди арзыбаган акчага сатып жатканын айыл тургундары айтышууда.
Бирок Ахмедовдун да өз аргументтери бар. Ал айыл тургундарынын айтканын куру доомат деп эсептейт жана имараттар 1995-жылы эле мыйзамдуу түрдө менчиктештирилгенин айтууда.
Ал эми бейтапкананын имаратын Каракол шаардык үй-бүлөлүк медицина борбору Ахмедовдон ижарага алып иштетип келет.
Айыл тургундарынын дооматтарын негизсиз деген Ахмедов 1995-жылдары социалдык мекемелер “Улан” заводунан анын “Луч” жоопкерчилиги чектелген коомуна мыйзамдуу өткөрүлүп берилип, менчиктештирилгенин билдирди.
Буга чейин Мамлекеттик мүлк фонду Пристань-Пржевалсктагы социалдык мекемелер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктап, “Улан” ачык акционердик коомун имараттарды муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө милдеттендирген.
Пристань-Пржевальск Каракол шаарынын поселкалык-аймактык бөлүгү болуп саналат. Каракол шаарынан 12 чакырым алыс жайгашкан. Калкынын саны 2917 адам.