Азия чемпионатына даярданган футболчулар

Башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун шакирттери аталган шаарга 12-майда барышкан.

Машыгуулар эртең менен жана кечкисин «Халифа Бин Зайед» (Khalifa Bin Zayed stadium) стадионунда өтүүдө.

23 жашка чейинки Кыргызстандын футболчулары В тайпасында Кувейт, Иордания жана Пакистандын футболчулары менен Азия чемпиондугунун финалдык беттешине чыгуу үчүн таймашышат.

Кыргызстан-Кувейт беттеши 16-майда, Кыргызстан-Иордания беттеши 18-майда, Кыргызстан-Пакистан беттеши 20-май күнү Al Qattarа стадионунда өтөт.

Бул беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 23:15те башталат.