Нарында чүкө фестивалы өттү

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов өзү чүкө атуу менен фестивалды ачып берди.

Фестивалдын алкагында чүкө атуу, жамый жана пара тебүү оюндары болуп, шаардагы орто мектептердин окуучулары жана жаштар арасында таймаш жүрдү.

Фестиваль Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгы менен Нарын жаштар ордосунун тарабынан уюштурулду.

Фестивалдын эстафетасы Баткен облусуна тапшырылды.