Баткенде Айгүл гүлүн ачты

Кызматкерлердин айтымында 16-апрель күнү гүлдү көрүү үчүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев да келмекчи.

Коруктун ичинде мектеп окуучулары жана экологиялык кызматтын өкүлдөрү гүлдү үзбөсүн деп көзөмөл жүргүзүп турушат.

Быйылкы жылы өкмөттөн атайын каражат бөлүнүп, гүл өскөн тоо темир тор менен курчалган.

Бул жерге азырынча атайын эс алуучу секилер орнотулуп, таштандылар үчүн жай да курулган. Бирок корукка келгендер үчүн маалымат тактайы азырынча маалымат менен толуктала элек.