ГУЛАГдын мекенинде

Сүрөттө: Чукотканын түндүгүндөгү Чаун районунда кароосуз калган мурдагы уран кенинин тикучмадан көрүнүшү. Экинчи Дүйнөлүк согушта Чаун советтик согуштук өнөр-жайды калай жана уран менен камсыздаган негизги булактын бирине айланган. Чукотка АКШ менен чектеш жайгашкан стратегиялык маанидеги аймак болгондуктан, ал жакка Чукоткада катталбаган орус жарандары да атайын чакыруусуз келе албайт.
 

Сүрөттө: Өткөөл бекеттин урандылары. Чаун районунун борбору Певек шаарынан 70 чакырым чыгыштагы бул аймактагы түндүк багыттагы концлагерлерге кетүүчү жолду бойлото дагы эки бекет жайгашкан. Кен иштетүүгө бараткан айыпкерлер ушул бекеттерде тыным алып, андан ары кенди көздөй жол тартышкан. Бул бекеттерди жана кендерди Дальстрой же Ыраакы чыгыш Курулуш трести башкарган. Бул трест 1931-жылы НКВД тарабынан түзүлгөн.

Сүрөттө: Өткөөл бекеттин жакындан көрүнүшү. Кечээ жакынга чейин бул аймакта чукчалар бугу багышкан. Чукчалардын арасынан да советтик бийликке шек келтирди деген шылтоо менен ГУЛАГга түшкөндөр болгон. 

Сүрөттө: эки өткөөл бекеттин ортосундагы жол. Колыма деген жалпы ат менен белгилүү болгон Чукотка менен Магадан аймактарында башында СССРдин аймагынан кулакка тартылгандар жол куруп, баалуу металды казган.

Сүрөттө: Өткөөл бекеттин жанындагы машинага жүк салуучу трап. Дальстрой тарабынан Колымада бардыгы болуп 80 чакты концлагер болгон. Дальстройго 1951-жылга карата үч миллион чарчы чакырым жер караган.

Сүрөттө: Өткөөл бекеттин жанында жаткан консерванын идиши. Алыстан айдалып келген айыпкерлер аларды алдыда кандай тозок күтүп турганын жакшы билишпеген да болушу мүмкүн. Солженицындын «Архипелаг Гулаг» чыгармасында лагер башчысы «Айыпкердин күчү үч айга жетсе болду, андан ары анын бизге кереги жок» деп айтканын жазган.

Сүрөттө: Кекуры деп аталган балбал ташка окшогон зор аскалардын алдындагы кароосуз калган уран кени. Колымага бараткан жолдо жана концлагерлерде 1932-1954-жылдар аралыгында он миңдеген кишинин сөөгү сөпөт болгон. Сталин бардык маалыматтарды улам жок кылдырып тургандыктан жана Москвадагы КГБнын архивдери толук ачылбагандыктан, курмандыктардын саны так белгисиз.

Сүрөттө: дагы бир Керкурынын алдындагы уран шахтасы. Жергиликтүү тургундардын айтымында, айыпкерлер Восточный лагерине жакын жердеги бул Керкуры балбалдарынын бирин Сталинге окшоштурушкан.

Сүрөттө: Певек шаарынын чыгышындагы дагы бир кен комплексинин көрүнүшү. Бул аймактагы уран иштетүүчү ишкана 1950-жылдардын башында жабылган менен радиактивдүү калдыктар кала берген. Бул таштанды жайлары бүгүн да ачык турат жана андагы радиациянын деңгээли өтө жогору экендигин айтышат.

Сүрөттө: Сталиндин ГУЛАГ түрмө системасына арналган музейден көрүнүш, Певек шаары. Экинчи Дүйнөлүк Согуштун мезгилинде жана андан кийин сталиндик концлагерлердеги бекер жумушчу күчү украин, поляк, немис, жапон, корей туткундары менен толукталган.

Сүрөттө: Айыпкерлерге тийешелүү болгон буюм-тайымдар, Певек музейи. Колыма лагерлери 1954-жылы эркин жумушчу күчүнө өткөн. 1956-жылы Хрущев жалпы мунапыс жарыялап, айыпкерлердин көбүн бошоткон.

Сүрөттө: Чаун районундагы кароосуз калган кендердин ортосундагы жерлер. Дальстрой бүгүн Орусиянын Түстүү Метал министрлигине карайт. Уран менен калай казуу өзүн актабай калгандыктан, кендер жабылган. Бирок алтын казуу уланып, бул ишти орус жана канадалык компаниялар жүргүзүшөт.

Кезегинде Токтогул "Кербезим" деген чыгармасында ырга салган Сибирдеги түрмө системасын Сталин кийин зор масштабга жеткирген.