Булчуңду чыңайм десең, теннис ойно

Теннис ойноо учурунда спортчунун колу, буту, денеси, моюну кыймылга келип, булчуңдун бардык түрлөрү чыңалат. Теннис чыдамкайлыкка, ыкчам кыймылдоого, күчтүү болууга тарбиялайт. Аны ойноодо убакыт чектелбейт. Кээде бир матч 4 саатка чейин созулушу ыктымал. Ошондуктан чыдамкай болуу ар бир спортчу үчүн маанилүү.

Чоң теннис кымбат спорттун бири. Ошондон улам бул спорт менен машыгууга көпчүлүктүн эле шарты келе бербейт. Теннис ойноо үчүн спортчуга атайын бут кийим, ракетка, теннис шаймандарына баштык, теннис тобу керектелет. Бул каражаттардын орточо баасы болжолдуу түрдө 30 миң сомдун тегерегинде бааланат.

Кыргызстанда чоң теннис өлкө эгемендикти алгандан бери эле ойнолуп келет. Бир мезгилдерде каржы тартыштыгынан теннис оюнчуларынын катары суюлган. Теннис федерациясынын вице-президенти Вячеслав Федотовдун айтымында, акыркы беш жылда теннис менен машыккандар көбөйүп, кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде жеңишке жете башташты.