Аксы окуясына 13 жыл


Иш-чарага мерт кеткендердин жакындары, биринчи вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев баштаган өкмөт өкүлдөрү жана Президенттик администрациянын аппарат жетекчисинин орун басары Икрам Илмиянов катышты.


Аскар Акаевдин бийлиги учурунда, 2002-жылы 17-мартта Жалал-Абаддын Аксы районунда тынчтык митингинин катышуучуларына каршы ок атылып, алты киши каза тапкан.

Митинг саясатчы Азимбек Бекназаровду абактан бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга берүүгө каршылык билдирүү максатында өткөрүлгөн болчу.