Бишкекте сумо чемпионаты аяктады

Өспүрүмдөр арасында 25 кг., 30 кг., 35 кг., 40 кг.,  50 кг., 60 кг. жана 60 килограммдан салмактарда жаш сумочулар таймашты.  Катышуучулардын жаш курагы 9 жаштан жогору.

Кыз-келиндер арасында 60 кг. жана 65 кг. салмакта таймаштар өтүүдө. 

Жаштар арасында 60 кг, 65 кг жана 70 кг салмакта күч сынашты. 

Сумо күрөшү Кыргызстанда 1995-жылдан баштап тарала баштаган. Ал кезде Улуттук Олимпиада Комитетинин президенти болгон Эшим Кутманалиев эркин күрөш машыктыруучусу Эсенгул Чекиров менен биргеликте Кыргызстанда күрөштүн түрлөрү менен машыккан спортчуларга сумонун эрежелерин үйрөтүп, ошол жылы оор салмактагы балбандарды алгачкы жолу Жапонияда өткөн сумо боюнча дүйнө чемпиондугуна катыштырышкан.

Кыргызстанда Сумо ассоциациясы Кыргызстанда бир жыл мурда түзүлгөн. Учурда саналуу гана спорттук клубдарда күрөштүн ар кандай түрлөрү боюнча машыккан балбандарга машыктыруучулар сумону үйрөтүп келишет.