Биллингс - жер кыйырындагы айыл

Биллингс Чукотканын түндүгүндө, Чукотка деңизинин боюндагы жарым аралда жайгашып, бармак басымдай аймакты ээлеп турат. Евразиянын түндүк-чыгыш кыйырында жаратылыш шарты арктикалык чөл саналган бул аймакта түндүк деңизден келген суук шамал сөөктөн өтүп, 100гө чукул киши жашаган айыл көп учурда коюу тумандын алдында калат.
 

Сүрөттө: Биллингске тикчума менен бараткан жүргүнчүлөр. Район борборунан 400 чакырым аралыкта жайгашкан Биллингске жайында тикучма, ал эми кышында убактылуу салынган кар жолдор менен гана баруу мүмкүн.

Биллингстин борбордук көчөсүнүн көрүнүшү. Айылдын чукчалар койгон аты Валкыран (киттин сөөгүнөн курулган кепе дегенди билдирет) болгон, кийин 18-кылымда жашап өткөн орус-британ саякатчысы Иосиф Биллингстин аты коюлган.
 

Ибрагим Өзбекстандын Гулистан шаарынан келген. Кесиби ширетүүчү, бул айылдагы электр бекетинде иштеди.

Сүрөттө: Ибрагимдин жатак бөлмөсүндөгү үстөлдүн көрүнүшү. Ибрагим Кыргызстандан келген Турар деген мигрант менен чогуу бир бөлмөдө жашаган. Кийин сүрөттөгү кызынын тоюна акча топтоо үчүн Чукоткада иштеп жүрүп, жыл этегинде үйүнө кайтты.

 

Жатакананын ашканасынан көрүнүш.

Жатаканадан бир көрүнүш.

Жатакананын жуунган бөлмөсү.

Электр бекетиндеги мештер.

Сүрөттө айдоочу жана фотограф Геннадий Тынаургин (ортодо) жумушчу жана конок (солдо) менен электр бекетинде сүйлөшүп турат. СССР кулагандан бери айылдын 500 тургунунун 80 пайызы бөлөк жактарга көчүп кетишти. Калган 100 тургундун көбү электр жана метеорологиялык бекеттерде эмгектенишет.

СССРден "мураска" калган май челектер. Мурда бул челектер менен күйүүчү май ташып келип, ошону менен электр иштетилип чыгарылчу. Азыр кемелер менен көмүр алып келип жагышат.

Айылдын дүкөнүнөн көрүнүш. Дүкөндө азык-түлүк тартыш, баалар кымбат. Борбор Азиядан келген кургатылган өрүк, мейизден башка жемиш жок. Аляскадан (АКШ) кеме менен келген картөшкө учак менен ташылган орусиялык картөшкөдөн 3-4 эсе арзан.

Биллингстин маданият үйү. Мында кээде концерт болуп, кино коюлат. Имарат башында түпкүлүктүү элдин кол өнөрчүлүгүн колдоо үчүн курулган. Азыр тырнактай гана бөлмөдө саналуу экспонаттар, негизинен ушул жерден табылган киттин азуу тиштери коюлган музей жайгашкан.

Мектептин дубалындагы жазуу. Биллингсте 4-класска чейин окуткан башталгыч мектеп бар. Анда айыл башчысы Светлана Мустафина чукча тилинен сабак берет. 4-класстан кийин балдар райондун борборундагы интернатта жатып окушат.

Аймактагы түпкүлүктүү чукча жана эвенк элдери жашаган үйлөрдүн бири.

Сүрөттө: түпкүлүктүү элдин өкүлү жашаган үй. Түпкүлүктүү элдин өкүлдөрүнүн көбү жайы-кышы тундрада мамлекеттин карамагындагы бугунун артынан жүрүп, жарыбаган айлык алышат. Ал эми айлыгы көп жумуштарга негизинен ишенимдүү, ичип кетпейт деп Ибрагимге окшогон келгин мигранттарды алышат.
 

Сүрөттө: тикучма кыйраган жерден көрүнүш. Кырсык коюу тумандан улам болгондугун айтышты.
 

Сүрөттө: ак аюу келиптир деген чуру-чуу чыккан тарапка куралчан милиция кызматкери бараткан учур. Биллингске 150 чакырым аралыктагы Врангел аралынан ак аюулар сүзүп келишет. Бул жаныбарды атууга болбойт, бирок айылга кирип келсе, асманга атып, качырышат. Ак аюу адамга кол салбайт, кол салса аман калтырбайт, адамдын этин эңсеп, кайра келе берет деген ишеним бар. Биллингске кошуна айылда эки кишини жеп койгон аюуларды ошон үчүн атып жок кылышкан.

Сүрөттө: балдар тикучманы күтүп турушат. Тикучма Биллингске айына бир жолу келет. Башка убакта өтө зарыл болсо жергиликтүү өкмөт тикучма жибериши мүмкүн. Болбосо саатына 6 миң доллар төлөп, тикучма заказ бересиз.

Биллингс айылындагы үйдүн тикучмадан көрүнүшү.