Талас: мыкты көкбөрүчүлөр аныкталды
Өтмө кубок 50 миң сомго Италиядан алынып келинген. Кубокко каражатты Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Байгазы Кенжебаев бөлүп берген. Бул кубок кийинки жылдагы жеңүүчү аныкталганча быйылкы жеңген команданын айыл өкмөтүндө сакталат.
Талас районунун өтмө кубогу үчүн 2015-жылдагы оюндар 2014-жылдын декабрь айында башталып, 13 команда ар жуманын шаршемби күндөрү ойноп келишкен. Ар бир турнирде командалар ээлеген орундарына жараша упай топтошкон.
Жума сайын болгон оюнду катышуучу командалардын айыл өкмөттөрү кезеги менен өткөрүп, ар бир турнирдин байге фонду 120 миң сомду түзгөн. 4-мартта болгон жыйынтыктоочу турнирде 1-орунду Калба, 2-орунду Нуржанов, 3-орунду Кара-Суу командалары ээлешти.
Жыйынтыктоочу мелдештин байге фонду 220 миң сомду түзүп, акча командалардын ээлеген орундарына жараша бөлүнүп берилди. Андан сырткары катышуучу ар бир айыл өкмөтүнүн китепканаларына Чыңгыз Айтматовдун 8 томдугу, спорт энциклопедиялары белекке тапшырылды.
Көкбөрү - кыргыз элинин (ошондой эле Борбор Азияда жашаган элдердин) ат үстүндө ойнолуучу спорт оюндарынын бири.
«Көкбөрү» деген терминдин келип чыгышы, илгерки күчкө толуп турган жигиттер кадимки эле бөрүнү (карышкырды) чаап алып, талашып - тартышып ойношкондугу менен байланышкан. Азыркы мезгилде бул оюн шартка ылайыкташтырылып, кыйла маданиятташтырылган.
Эгер көкбөрүгө 17 жаштан өткөн карылуу жигиттер катышса, башы кесилген улак (көбүнчө серке) тартылат. Анын салмагы 32 – 35 кг болот. Кышкы учурда ойногон кезде көкбөрүгө 25-30 кг. салмактагы улакты (серкени) тартышат.
Алгач көкбөрү ортого ташталып, оюнчулар ат менен жөөлөшүп келип, алардын ичинен мыкты чабендеси көк бөрүнү эңип алып качып жөнөйт. Оюнчу ыңгайы келсе улакты өнөктөштөрүнө берип же өзү тайказанга таштоого аракет кылат. Ал эми атаандаштары көкбөрүнү өздөрүнө таандык тайказанга салдырбоо аракетин көрүп, көк бөрүнү жулуп алып, каршылаштын тайказанына таштоого аракеттенишет. Оюн жүрүшүн мелдеш калысы көзөмөлдөйт.
Оюндун жүрүшүндө кайсы жаат көкбөрүнү тайказанга таштаса, ошол жаатка упай берилет. Оюндун акырында кайсыл жаат көп упайга ээ болсо, ошол жаат оюнда утат.
Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн көкбөрү жаатынын оюнчуларынын тизмеси.
Көкбөрүгө чабыла турган аттарды оюн аянтчасына унаалар менен алып келип кайра унаа менен алып кетишет. Көкбөрү үчүн ылайыктуу аттардын баасы учурда 50 миң сомдон 200 миң сомдун тегерегинде бааланып жатканын жергиликтүү тургундар маалымдашты.
Ар бир жаатта 12 атчан оюнчу болуш керек. Бир беттеште эки командадан төрттөн оюнчу чыгып, кезек-кезеги менен алмашып оюнга чыгышат. Эгер оюн талаасына ашыкча оюнчу кирип кетсе, төрт оюнчунун бири эки мүнөткө жаза мамысына байланат. Эгер көкбөрүчү тарабынан атаандашына карата одоно айып бузуу катталган болсо 5 мүнөткө чейин жаза мамысына тургузулат.
Эгер оюнга берилген негизги убакытта (20 мүнөттөн эки бөлүк же 10 мүнөттөн эки бөлүк) эки команда тең чыгып калса жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча 10 мүнөт убакыт берилет. Ал убакытта да жеңүүчү аныкталбаса булит дайындалат.
Булит тартиби: Алгач оюнчу улакты (серкени) өңөрүп тайказанды көздөй багыт алып качат. Анын артынан 30 метр алыс аралыктан атаандаш оюнчу кубалайт. Качкан оюнчу артындагы атаандашы жетип келгенче токтобостон атын чаап келип, улакты тайказанга салыш керек. Кууган оюнчунун милдети - атаандашын кууп жетип, улакты тайказанга салуусуна тоскоолдук кылуу.
Тайказандын асты жагы (таманы) 4 метр 20 см, өйдө жагы 3.60 см. Бийиктиги 1 метр 20 см.
Тайказандын чөйчөкчөсүнүн радиусу 2 метр. Тереңдиги 50 см.
Көкбөрү кооптуу оюндардын бири. Андыктан оюн талаасында тезжардам кызматы дайым даярдыкта турушу шарт.
Көкбөрү аянтынын узундугу 200 метр, туурасы 70 метр. Эки тайказандын аралыгы 140 метрди түзөт.
Аянттын ортосунда үч тегерек чийин болот. Чийиндердин радиусу 10 метр. Бул чийиндер оюнчулар аянттан улак менен кошо сыртка чыгып кеткенден кийин оюнду баштай турган орток аймак болуп саналат.