Нарын: Тез жардамда жалгыз дарыгер

Нарын шаардык тез жардам бөлүмүнүн башчысы Зина Мукашованын айтымында, чакырган жерге 2 саатка чейин кечигип барган учурлар болот. Мындайда бейтаптар нааразы болуп, дарыгерлерге кол көтөргөн фактылар да жок эмес. 

Тез жардамга бир күндө 60тан ашык чакыруу түшөт.

Тез жардам бөлүмүндө кызматтык унаалар жана медициналык аппараттар жетиштүү, бир гана кошумча иш ордун ачуу маселеси чечилбей келет.