Украина: согуш жана турмуш

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинанын чыгышындагы Дебальцево шаары украиналык аскерий күчтөрдүн көзөмөлүндө. Коргоо министрлигинин маалымдашынча, орусиялык жикчилдер шаарды жана анын жака белин тынымсыз аткылоодо. 31-январда Дебальцевого кезектеги гуманитардык кербен келди. Жергиликтүү тургундардын айтымында, гуманитардык жүктөр келген кезде ок атуулар эки эсеге көбөйүп кетет.