Согушта дайынсыз кеткендерди издеген үй-бүлө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кант шаарынын тургуну, көзү азиз Каныбек Мырзаканов Экинчи дүйнөлүк согуш маалында дайынсыз жоголгондорду издөө ишин үй-бүлөсү менен колго алган. “Дайыны чыкпаган кишилер тууралуу маалымат топтоп, кайда көмүлгөнү же согушта эмне иштерди жасаганы тууралуу жакындарына кабар берүү биз үчүн чоң кубаныч” – дейт бүгүнкү каарман.