Баткен: өрүк бактары аёосуз кыйылууда
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Баткен районунун Төрткүл айыл округунун Чоң-Талаа айылында массалык түрдө өрүк бактары кыйылып, отунга кетип жатат. Жергиликтүүлөр өрүк бактарынын жоголуп жатышын отундун тартыштыгы жана суунун жетишсиздигинен көрүшөт. Айылдагы 130 гектар өрүк бактарынын учурда 70 пайызы кыйылган. Баткен облусунда жалпысынын 10 миң гектар өрүк багы бар. Андан алынган бир жылдык киреше 4 млрд. сомдой болору айтылып келет.