“Жердеги тозок”: Чечен согушун эскерүү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
1994-жылы декабрда биринчи чечен согушу башталганда Аслан Дукаев Грозныйдагы университеттин профессору эле. 20 ай ичинде жыйырма миң киши набыт болду. Эми 20 жылдан кийин учурда Эркин Европа/Азаттык радиосунун Түндүк Кавказ кызматын жетектеген Аслан Дукаев өз шаары кандайча талкаланганын эскерет.