Өкмөт: зилзаланын кесепеттери такталууда

Ноябрь айынын 14үндө таңкы жетилерде Ысык-Көл аймагында жети баллга жеткен жер титирөө катталып, анын күчү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң, Тамга айылдарында жети балл, Балыкчы шаарында 4.5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4.5 баллга жеткен.

 

Зилзаланын кесепетинен бир катар жеке турак жайлар жана социалдык объектилер жабыр тарткан. Алардын көбү Тоң районунун аймагында.

Тоң районунун тургундары премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин катышуусунда болгон жыйын. 6-декабрь, 2014-ж. 

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, зилзаланын кесепетине байланыштуу 3780 адамдан арыз келип түшкөн.Тиешелүү адистер турак жайларды жана социалдык объектилерди текшерип, биринчи даражадан төртүнчү даражага чейин жабыркагандыгына жараша баа беришкен. Мамлекет тарабынан жардамга муктаж 406 турак жай ээлеринин тизмеси түзүлгөн (148 үй 4-даражада, 258 үй 3-даражада). Бүгүнкү күндө ӨКМ адистери жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте текшерүү иштеринин экинчи этабын жүргүзүүдө.

Тоң районунун Бөкөнбаев айылы.

6-декабрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев адистер менен бирге зилзаладан жабыр тарткан Тоң жана Жети-Өгүз райондорун кыдырып, жарактан чыккан үйлөрдү оңдоого акчалай жардам берилерин айтты.

Мамлекет тарабынан жардамга муктаж үчүнчү даражадагы үйгө 10 миң сомдон, төртүнчү даражадагы турак жайларга 50 миң сомдон кайтарымсыз грант же 200 миң сомдон 20 жылга чейин пайызсыз ссуда түрүндө акчалай жардамдар берилет.
Бул багытта жергиликтүү бийлик жана Өнүктүрүү фонду тарабынан 50 млн. сом бөлүнгөн. Учурда жарандардын турак жай үчүн документтерин топтоо иштери жүрүп жаткандыгын жергиликтүү бийликтен кабарлашты. 

Зилзаладан жабыркаган Бөкөнбаев айылындагы IV даражадагы үйлөрдүн бири.

Зилзаланын кесепетинен жабыркаган үйлөрдүн көпчүлүгү 1960-1970-жылдары салынган.  

Зилзаладан жабыр тарткан Тоң жана Жети-Өгүз районунун тургундарына республика боюнча гуманитардык жардамдарга жиберилип, муктаждарга таратылууда. ӨКМ министрлигинин маалыматында жардамдардын жалпы суммасы 5 млн. сом. 

14-ноябрда Ысык-Көл облусунун аймагында болгон зилзаланын кесепетинен үч миңден ашуун жеке турак жай жана социалдык объектилер жабыркаган. Анын ичинен 400дөн ашуун турак жай жарактан чыккандыктан мамлекеттин каржылык жардамына муктаж болууда.