Бийиктикке умтулгандар

Мелдештер кыздар жана эркектер арасында ылдамдык, татаалдык жана боулдеринг ыкмаларында өтүүдө. 

Жарышка чыгаар алдында система деп аталган коопсуздук кур арканга бекитилет.

Ылдамдык ыкмасында жарышканда спортчулар дубалга бекитилген таш сымал бекитмелерди кармап, тик өйдө 12 метрге чейин чыгышат. Коопсуздук үчүн аркан система деп аталган коопсуздук куруна бекитилет. 

Аркан 2 тонна жүктү, система 600 кг. жүктү көтөрө алат

Мелдеш спорттук аскага чыгууну жаштар арасында кеңири жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин арттыруу жана аскага мыкты чыгуучуларды аныктоо максатында уюшулган. 

Спортчулардын коопсуздугу үчүн жарыш аянтчасында арканды кармап, мелдешти көзөмөлгө алган коопсуздук кызматкерлеринин болушу негизги талаптардын бири.

Мелдештин катышуучуларына машыктыруучу аскага чыгуунун жол-жобосун түшүндүрүп берүүдө. Катышуучулардын арасында бул спорт менен жаңыдан машыга баштагандар менен бирге эле эл аралык класстагы спорт чеберлери менен эмгек сиңирген спорт чеберлери да бар. 16 жаштан жогоркулар арасында таймашка дүйнө кубогун үч жолу жеңген Орусиянын эмгек сиңирген спортчусу, 24 жаштагы Станислав Кокорин да чыгат.

Жарыш чекитине жеткенде  спортчулар кызыл тактачаны  колу менен чаап, биринчи келгенин тастыкташ керек. 

Аскага чыгуучулар дубалга бекитилген таштарды (бекитмелерди) кармаганда кол нымдашып, сыйгаланбаш үчүн магнезия деп аталган порошокту колдоруна сүйкөп алышат.   

Магнезия салынган баштыкча.

Спортчунун буту менен белине курчалган система.

Спортчулар буту менен таштарды басканда сыйгаланбаш үчүн такасы жок жылмакай бут кийим кийишет.

Борбор Азия чемпиондугу спорттук аскага чыгуунун ылдамдык, татаалдык жана боулдеринг ыкмаларында өтүп жатат. Ылдамдык ыкмасында эки спортчу аз убакыттын ичинде 12 метр бийиктиктеги жарыш жолун басып чыгышы керек. Татаалдык ыкмасында 7-8 мүнөт убакыт ичинде спортчу татаалдыгы көп жарыш жолун басып өтөт. Боулдеринг ыкмасында коопсуздук арканы жок 4-5 метр бийиктиктеги чоң таш жолдорго (жарчаларга) спортчу жармашып чыгыш керек. Спортчунун коопсуздугу үчүн жерге атайын crash pad деп аталган килем төшөлөт.

Спортчулардын коопсуздугуна көзөмөл кылган коопсуздук кызматкери арканды кармоого колду сыйгалантпай турган кол капты кийишет.

Спорттук аскага чыгуу менен 5 жаштан баштап машыкса болорун адистер айтышат. Ошондой эле спорттун бул түрү булчуңдун бардык түрлөрүнүн иштешине өбөлгө түзүп, ден  соолукту чыңдоого жакшы шарт түзөрүн жана шамдагайлыкка, ыкчамдыкка тарбиялай тургандыгын белгилешет. Спорттук аскага чыгуу менен машыккандар келечекте өндүрүш альпинизминде иштөөгө (бийик имараттардагы өндүрүш жана курулуш объекттеринде) жана табигый шартта бийик аскалуу тоолорго чыгып альпинизм менен алектенүүгө даярдык көрө алат.

Аскага чыгуу боюнча Борбор Азия чемпиондугу 7-декабрда жыйынтыкталат. Жеңүүчүлөр медаль жана грамоталар менен сыйланышат. Борбор Азия чемпиондугу акыркы 4-5 жылдан бери айрым бир себептерге байланыштуу өткөрүлбөй келген.