Ысык-Көлгө гумжардам жөнөтүлдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өкмөт Ысык-Көлдө 14-ноябрда катталган жер титирөөдөн жабыркагандарга 3,9 миллион сомго гуманитардык жардам жөнөттү. Тамак-аш, кийим-кече, курулуш материалдары, көмүр жүктөлгөн 26 жүк ташуучу унаа Ысык-Көлгө жөнөп кетти. 14-ноябрда Ысык-Көл облусунда жер титиреп, анын күчү очогунда, тескей тараптагы Кажы-Сай шаарчасында 7 баллга жеткен. Силкинүүдөн кийин жарандардан турак жайы жабыркаганы тууралуу 2314 арыз түшкөн.