Түркиянын кыштагынан бир элес
Биз барган Дерекөй айылында үч миңге жакын адам жашайт.
Калктын көпчүлүк бөлүгү дыйканчылык менен алектенет.
Жыйналган жер-жемиштерди көбүнесе кургатып, кышкыга даярдашат.
Жаштардын басымдуу бөлүгү Европага жана ири шаарларга миграция агымы менен кетип, айыл тургундарынын көпчүлүгүн карылар түзөт.
Улгайган айымдардын басымдуу бөлүгүнүн билими жок. Арасында окуп-жазганды билбегендер дагы жок эмес.
Айыл айымдары динге жакын келишип, шарият эрежелери менен жүрүүгө аракет кылышат.
Айылдагы мечиттин ички көрүнүшү.
Жергиликтүү имам жана анын жардамчысы түшкү намаздын алдында.
Түркиянын бардык жерлериндей эле Дерекөйдүн борборун да Мустафа Кемел Ататүрктүн айкели кооздоп турат.
Ар экинчи үйдө ат ордуна түрк трактору.
Жергиликтүүлөр бош убагынын көпчүлүк бөлүгүн чай бакчасында өткөрүшөт.
Чай бакчасы.
Дерекөй айылынын мектеби 8-класска чейин гана билим берет. Андан соң жеткинчектер билимин башка шаарча же шаарлардагы жатак мектептерде улантышат.
Ар бир үй ысык суу системасы менен жабдылган. Электр тогу кымбат болдгондуктан, бардыгы ысык сууну күн энергиясы менен иштеген батареялардын жардамы менен алышат.
Кышка камылга.
Кышкысын ушул меш үй жылытуу жана тамак жасоо үчүн колдонулат.
Бардык жердегидей эле жаштар мобилдик интернеттин пайдаланат.
Улгайган аял көр оокат менен алектенүүдө.
Күнүмдүк түштөнүүдөн бир элес.
Элдин көркү элетте деген кеп төгүн жеринен айтылбагандай, түрк элети дагы ачык жүздүү меймандос элге толгон. Келген конокко тасмалын жайып жакшы маанайда узатат.