Баткенде ынтымак жармаңкеси өтүүдө

Эки күнгө болжолдонгон жармаңкеде шаардыктар кошуна өлкөнүн ишкерлери өндүрүп алып келген товарларын өз наркында сатып алышат.

Кошуналар негизинен эт, сүт азыктарын, курулуш материалдарын, уздар менен зергерлердин колунан жасалган буюмдарды алып келишкен.

Кошуна турган аймакта эки өлкөнүн акчасы тең иштей берет.

Чек арада жашаган эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөө, түрдүү чыр-чатактардын алдын алуу максатында уюштурулуп жаткан бул фестивал Ош шаарында да өтөрү айтылууда.

Уюштуруучулар келерки айларда Баткен облусунун аймагындагы ишкерлер өндүргөн товарлардын жармаңкесин Тажикстандын Согди облусунун борбору Кожент шаарында өткөрүүнү пландоодо.